Кара-Сууда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды

Кара-Сууда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир түндө 12 баш бодо мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-ноябрга караган түнү белгисиз жарандар Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылынын 59 жаштагы тургунунун талаада жүргөн 6 баш бодо малдарын жашыруун түрдө уурдап  кетишкен.

Бул факты боюнча, Кара-Суу РИИБ тарабынан КЖКнын 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

16-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жаны-Арык айылынын 65 жаштагы тургунунун ошол эле айылда үлүш жеринде байланып турган 6 баш уйларын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Бул факты боюнча, Кара-Суу РИИБ тарабынан КЖКнын 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Ош ОИИБнын кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган малдар жүк ташуучу автоунаа менен Баткен областынын аймагына ташылып кеткендиги белгилүү болгон.

Иликтөө иш чаралардын жыйынтыгы менен жогорудагы мал уурулук фактыларына катышы бар адамдар такталып, алар Кара-Суу районунун тургундары мурда бир нече жолу соттолгон, 1996-жылы туулган К.А.,  1992-жылы туулган Б.Н., 1994-жылы туулган  Ж.У., Кадамжай районунун тургуну 1985-жылы туулган К.Т., экендиги аныкталып, шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан УКЖга киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүлөр дагы башка мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>