Бишкекте сатылып жаткан балатылардын баасы — видео

Бишкекте сатылып жаткан балатылардын баасы — видео

Жаңы жыл жакындаган сайын майрамга карата камылгалар да башталды. Reporter.kg Бишкектеги балаты базарларынын бирине (Медеров менен 7-апрель көчөсүнүн кесилиши) барып, алардын бааларын билип келди.

Балатылардын жарманкеси 15-ноябрда ачылган, ал майга чейиш иштейт.

Балаты базарында ийне жалбырактуу дарактардын бир нече түрү сатылат. Анын ичинде арча, туя, карагай, Тянь-Шань балатысы жана башкалар бар.

Жарманкеде балаты саткан Айгүл Майлыбаева ийне жалбырактуу, анын ичинде балатыларды өзүнүн бакчасында өстүрөт. Андан тышкары, башка питомниктерден алып сатат.

Анын айтымында, быйыл баалар анчейин өзгөргөн жок.

«Тянь-Шань балатасы боюна, формасына жараша 2 миң сомдон жогору болот. Тань-Шандын көгүлтүр балатысынын баасы 3,5 миң сомдон башталат. Көк балатынын ийнеси чоңураак жана түсү көк, Тянь-Шандыкы жашыл жана майдарааак, пихтанын ийнеси чоң, бирок жумшак болот. Ал лимон сыяктуу жыт берип турат», — дейт ал.

Учурда Айгүл Майлыбаев 3-3,5 метрлик балатыларды да сатып жатат. Алардын баасы формасына жараша 15 миң сомдон башталат.

«Формасына жараша 30-35 миң сомдугу бар. Чоңдорду үйгө, кафеге тиккенге, корукка тиккенге алышат», — деди ал.

Азыркы тапта балаты базарында сатып алуучулар анчейин көп эмес. Сатуучунун айтымында, балаты сатып алганы келгендердин саны Жаңы жылга жакын көбөйөт. Базарда 20 киши иштейт, алар күнүнө болжол менен 20-30 бак сатат.

«Бою 1 метрден 2 метрге чейинкилер жакшы өтөт. Жаңы жылдын алдында Тянь-Шань жана көк балатылар жакшы сатылат», — деди ал.

Базарда балатылар тамыры топурагы менен казылып алынып, тоңдурулуп сатылгандыктан, аны майрамдан кийин бакчага тигип койсо болот.

«Жаңы жыл бүткөндөн кийин балаты үйдө болжол менен бир ай турат. Жылуу жерде тургандан кийин балаты бүчүр ача баштайт. Ошондуктан аны тигерден мурда акырындык менен муздакка көндүрүп, андан кийин отургузуш керек. Ысыктан муздакка дароо чыгарса, балатынын ийнелери түшүп, өлүп калат. Температураны анырындап түшүрүү керек. Балатыны үйгө алып келгенден кийин сугарып туруу зарыл», — деди ал.

Майлыбаеванын айтымында, балатына улам муздакка көндүрүп, февраль айларында тиккен туура болот.

Учурда аталган базарда көп сатылган балатылардын баасы түрүнө, боюна (0,8-1 метр) жана формасына жараша 2-3,5 миң сомдон башталып, 8-10 миң сомго чейин жетет. Мындан тышкары, баасы 120-150 миң сомго чейин болгон балатыларды табууга болот. Бирок аларды сатып алгандар көп эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>