Кыргызстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды

Кыргызстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды

Өзбекстандагы окуядан кийин Кыргызстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган дары индиялык Marion Biotech Pvt компаниясы тарабынан өндүрүлүп, сасык тумоо жана КРВИ оорулары учурда колдонулат. Ал таблетка жана суюктук түрүндө сатылат.

«Док-1 Макс» дарысы Кыргызстанда 2018-жылы каттоого алынып, акыркы ирет 2021-жылы ташылып келген. 2022-жылы аталган дары өлкөгө алынып келген эмес.

Кыргызстанда 23-декабрдан тарта «Док-1 Макс» дарысын сатууну токтото туруу чечими кабыл алынган. Ошондой эле лабораториялык анализ үчүн дарынын үлгүлөрү Борбордук көзөмөл-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлгөн.

Министрлик аталган дарыны колдонгондор терс таасирлери байкалган учурда департаментке кайрылышы керектигин эскертти.

Эскерте кетсек, 22-декабрда Өзбекстандын социалдык тармактарында Самарканд облусундагы балдар медициналык борборунун жетекчисинини каты жарыяланып, анда «Док-1 Макс» дарысын колдонгондор терс таасиринен (бөйрөккө) улам ооруканага кайрылганы, балдар арасында каза болгондор бар экени тууралуу жазылган. Буга байланыштуу аталган окуя териштирүүгө алынып, Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысын сатууга убактылуу тыюу салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>