Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте Семетей көчөсү оңдоого жабылып, 6 автобустун жүрүү схемасы өзгөрдү
29.06.2026 | 09:57

Бүгүн, 29-июндан тарта Бишкек шаарындагы Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки аралыкта унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Чектөөлөр аталган тилкени реконструкциялоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын жүрүү багыттары убактылуу өзгөртүлөт: №1, №8, №33, №55, №56 жана №103.
Автобустар оңдоо иштери аяктаганга чейин жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт. Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды жана айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом