Ысыкта баланын денеси ысып кетпеши үчүн эмне менен тамактандыруу керек — дарыгерлердин сунуштары

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери ата-энелерге жайкы мезгилде балдарды туура тамактандыруунун маанилүүлүгүн эскертип, тең салмактуу рацион түзүү боюнча сунуштарын беришти.
Дарыгерлер белгилегендей, жайында абанын катуу ысышы, кыймыл-аракеттин көбөйүшү жана көнүмүш күн тартибинин өзгөрүшү баланын табитине жана жалпы абалына таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан, бул мезгилде баланын организми толук кандуу жана тең салмактуу тамактанууга өзгөчө муктаж болот.
Адистер баса белгилегендей, ысык аба ырайында, өзгөчө активдүү оюндар учурунда жана күндө көпкө жүргөндө организм тер менен бирге суюктукту жана пайдалуу заттарды көп жоготот. Ошондуктан рацион жеңил, ар түрдүү, аш болумдуу жана витаминдерге бай болушу керек.
Витаминдердин жана микроэлементтердин табигый булагы болуп саналган сезондук жашылчаларга, жемиштерге жана мөмө-жемиштерге (ягоды) өзгөчө көңүл буруу сунушталат.
Эксперттер ошондой эле жайкы каникул учурунда ата-энелерге күн сайын меню ойлоп табуу кыйынга турарын эске алып, бир жумалык болжолдуу рационду алдын ала түзүп алууну сунушташат.
Алардын пикиринде, бул тамактануунун үзгүлтүксүз тартибин сактоого, баланы керектүү өлчөмдөгү белоктор, майлар, углеводдор жана клетчатка менен камсыз кылууга, акырындык менен туура тамактануу адаттарын калыптандырып, жаңы даамдарга көндүрүүгө, ошондой эле ар бир тамактанууну ар түрдүү, пайдалуу жана даамдуу кылууга мүмкүнчүлүк берет.