Бишкекте 107 миң долларга вакцина сактоочу жаңы шаардык кампа курулат

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги вакциналарды сактоо үчүн жаңы борбордук кампанын курулушуна киришти. Долбоордун баасы 107 миң АКШ долларынан ашык деп бааланууда, ал эми каржылоо ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (Gavi) тарабынан бөлүнгөн. Курулуш иштерин 2026-жылдын июль айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.
Жаңы объектти түзүү зарылдыгы Бишкек шаарынын калкынын кескин өсүшү жана келип жаткан иммунобиологиялык препараттардын көлөмүнүн көбөйүшү менен шартталган. Кампа заманбап муздаткыч камералар, күнү-түнү иштеген автоматташтырылган климат-контроль системасы жана резервдик генераторлор менен жабдылат, бул «муздак чынжырдын» (холодовая цепь) так сакталышына кепилдик берет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков заманбап логистикалык инфраструктура препараттардын сапатынын жана коопсуздугунун күрөөсү болорун белгиледи. Жаңы кампа вакциналарды шаардык бейтапканаларга өз убагында бөлүштүрүүнү камсыздайт жана саламаттыкты сактоо системасынын жугуштуу оорулардын мүмкүн болуучу очокторуна чара көрүү даярдыгын жогорулатат.