Бишкекте тапанча көтөргөн мас адам асманга ок чыгарды (видео)

Бишкекте тапанча көтөргөн мас адам асманга ок чыгарды (видео)

Бишкекте түнкү клубдардын биринин алдында асманга ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-майга караган түнү болжол менен саат 03:06да «102» кызматына Асанбай кичирайонундагы түнкү клубдардын биринин жанында жаран тапанча көтөрүп жүргөнү, асманга ок атылганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган. Белгилүү болгондой, белгисиз жаран түнкү клубдардын биринин кире беришинде тапанча менен асманга ок аткан.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция асманга ок чыгарган адамдын өздүгүн аныктаган. Ал 34 жаштагы А.С. аттуу жаран болуп чыккан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Милиция тарабынан аталган жарандын МР-471 травматикалык тапанчасы алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>