Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте таштанды чыгаруунун акысын көтөрүү сунушталды
09.01.2023 | 17:48
Бишкекте таштандыны чыгарууга алынган акыны көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин сайтында жарыяланды.
Документке ылайык, калк үчүн таштандыны чыгаруунун акысы бир адам үчүн 41 сом деп белгилөө каралган.
Чарба субъекттери үчүн (менчик түрүнө карабай) 1 куб метр таштандыга 361 сом же 1 тоннага 2 миң 430 сом деп каралган.
Ошондой эле таштандыны өздөрү чыгарган чарба субъекттери үчүн (менчик түрүнө карабай) калдыктарды көмүү акысын 1 тоннасына 445 сом деп белгилөө сунушталууда.
Эскерте кетсек, учурда калк үчүн таштандыны чыгаруунун акысы бир киши үчүн 22,5 сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом