Бишкекте жапырт камалгандарды колдогон митинг өтөт

Бишкекте жапырт камалгандарды колдогон митинг өтөт

Бишкекте эртең, 10-январда жапырт камакка алынган саясатчы жана активисттерди колдогон митинг өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, митинг ИИМдин имаратынын алдында саат 12:00до башталат.

Эскерте кетсек, былтыр 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

2022-жыл. Мекенинен куулган журналист, камалган активисттер

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>