Бишкекте ишкерлер таштандылар үчүн 371 миң сом айыпка жыгылды

Бишкекте ишкерлер таштандылар үчүн 371 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция тарабынан таштандыларды белгисиз жайларга чыгаргандарды текшерүү  боюнча рейд жүргүзүлүп, бир катар санитардык нормаларды бузгандар аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-майга карата жалпы суммасы 552 000 сомду түзгөн 49 протокол түзүлдү. Анын ичинен “Укук бузуулар” жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык антисанитардык абал боюнча 22 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 226 миң сомду түздү. 115-берененин 1-2 жана 3-беренелерин бузгандыгы үчүн 145 миң 500 сом өлчөмүндө 12 мыйзам бузуу аныкталды.

Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсү, 141/1 дарегине башаламан таштанды таштоочу жай пайда болгон. Бул жерге базардын белгисиз ижарачыларынын ишмердүүлүгүнөн чыккан тиричилик жана тамак-аш калдыктары, таштандылар ыргытылат. Жеке ишкер М.К.Бга антисанитардык абал, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык үчүн айып салынды.

Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишинде кийинки таштанды таштоочу жай аныкталды. Бул жерде контейнер аянтчасы демонтаждалып, «Таштанды ыргытпа» деген жазуу орнотулган. Ошого карабастан шаардыктар жана айрым чарбалык субъекттер таштандыларды ушул жерге ыргытып келишет.

«Альфа медициналык клиника» ЖЧКсынын кызматкерлери тарабынан ташталган медициналык калдыктар табылган. Аталган ишканага 23 миң сом айып салынган.

«Аль Ансур» кафесинин ээси  тамак-аш калдыктарын чыгаргандыгы үчүн  жоопко  болот. Кафенин ээсине 17 миң сом айып салынган.

Эскерте кетсек, чарба жүргүзүүчү субъекттер ишканалар менен катуу таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүшү керек. Жарандар таштандыларды белгиленген график боюнча алып чыгышы керек!

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>