УКМК 5 салыкчыны кармады (видео)

УКМК 5 салыкчыны кармады (видео)

Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук салык кызматынын кызматкерлери салык боюнча тигил же бул маселелерди тездетүү же чечип берүү үчүн ишкерлерден пара алып жүргөн.

Бул ишке шектүү катары 22-апрелде 5 салык кызматкери — Н.Б. уулу, Т.С., Т.Р., Д.М. жана А.А. кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>