ДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видеоКыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон аштыТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугуштуПакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди
Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынан жаш балдар жабыркады
05.11.2019 | 12:28
Бишкекте тез жардам унаасы менен “Сузуки” үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 4-ноябрда Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Кырсыктан тез жардам кызматынын менен жеңил унаанын айдоочусу жана бир жана төрт жаштагы эки жаш бала жабыркаган.
Эки айдоочу Улуттук госпиталга, ал эми жаш балдар шаардагы №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, учурда кырсыктын себептери териштирилип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар