2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Бишкекте тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
17.06.2024 | 09:00
Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 8-15-июнь күндөрү өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 100дөн ашык спортчу катышты.
Тогуз коргоолдун “стандарт” түрүнөн жеңишке жетишкен спортчулар Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат. Ал эми “рапид” түрүнөн жеңүүчү болгондор Дүйнө чемпионатына барат.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында (стандарт):
- 1-орун – Сыртан Сыргак уулу;
- 2-орун – Анарбек Жамакеев;
- 3-орун – Марлис Дуулатбеков;
- 3-орун – Кубан Сазаев.
Кыз-келиндер арасында (стандарт):
- 1-орун – Азиза Жамансартова;
- 2-орун – Айзада Бактыбекова;
- 3-орун – Гүлайым Сагыналиева;
- 3-орун – Алтынай Шамбетова.
Эркектер арасында (рапид):
- 1-орун – Белек Абдрашитов;
- 2-орун – Анарбек Жамакеев;
- 3-орун – Сырттан Сыргак уулу;
- 3-орун – Кубанычбек Ибрагимов.
Кыз-келиндер арасында (рапид);
- 1-орун – Гүлжамал Сарыкеева;
- 2-орун – Айтурган Максат кызы;
- 3-орун – Азиза Жамансартова;
- 3-орун – Айзада Бактыбекова;
Эркектер арасында (блиц):
- 1-орун – Сырттан Сыргак уулу;
- 2-орун – Марлис Дуулатбеков;
- 3-орун – Анарбек Жамакеев;
- 3-орун – Муратали Исмоилов.
Кыз-келиндер арасында (блиц):
- 1-орун – Алтынай Шамбетова;
- 2-орун – Мадина Бакытбек кызы;
- 3-орун – Адина Бакытбек кызы;
- 3-орун – Эркежан Асанкулова;
Эркектер арасында командалык эсеп:
- 1-орун – Бишкек шаары;
- 2-орун – Ысык-Көл облусу;
- 3-орун – Ош шаары;
- 3-орун – Нарын облусу.
Кыз-келиндер арасында командалык эсеп:
- 1-орун – Бишкек шаары;
- 2-орун – Жалал-Абад облусу;
- 3-орун – Ош шаары;
- 3-орун – Чүй облусу.