Сергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылат

Бишкекте Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) тарыхындагы алгачкы жалпы университеттик бүтүрүү кечеси өттү. Майрамдык маанайдын артында университеттин билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөрткөн реформалар жүрүп жатат: институттук түзүмгө өтүү, Оксфорд жана MIT үлгүсүндөгү билим берүү башкаруу моделин киргизүү, жаш окутуучуларды колдоо жана аянты 30 гектар болгон жаңы кампустун курулушуна даярдык көрүү. КРСУ билим берүү процессин кантип реформалап жатканы, жаш адистерди стажировка аркылуу кандайча тартып жатканы жана бала бакчадан тартып магистратурага чейинки үзгүлтүксүз билим берүү экосистемасын кандайча түзүп жатканы тууралуу КРСУнун ректору Сергей Волков Reporter.kg басылмасына берген маегинде айтып берди.
— Сергей Юрьевич, бүгүн университет тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтүп жатат. Быйыл мындай форматты өткөрүү идеясы кантип жаралды?
— Өткөн жылы бул маселени кылдат талдап чыкканбыз. Бүтүрүү кечеси — адамдын эсинде өмүр бою кала турган окуя. Биз ар кайсы жылдары бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдү бириктирген жакшы салтты калыптандырууну кааладык.
Бул майрамды КРСУнун өз командасы уюштурду. Биз сырттан режиссёрлорду же уюштуруучуларды чакырган жокпуз — университетте мүмкүн болушунча бардык иштерди өзүбүз аткарууга аракет кылабыз. Бизге реалдуу сектордун, бизнестин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өнөктөштөрү чоң колдоо көрсөтүштү. Алар жөн гана өнөктөштөр эмес, биздин бүтүрүүчүлөрдү жумушка ала турган иш берүүчүлөр. Алар мыкты бүтүрүүчүлөргө атайын стипендияларды тапшырышты.
Ошондой эле ыктыярдуу негизде жардам берген 200гө жакын студент-ыктыярчыга өзгөчө ыраазыбыз. Университет — бул чоң үй-бүлө. Бүгүнкү майрамга окутуучулардан тартып каржы бөлүмүнө чейин, келишимдик негизде иштеген кызматкерлерге чейин жалпы жамаат катышууда. Алардын эмгегинин жыйынтыгы бүгүнкү бүтүрүүчүлөр.
— Университетте жүрүп жаткан кайра түзүүлөр тууралуу айтып өттүңүз. Азыр КРСУда кандай өзгөрүүлөр болууда?
— Биз өзгөрүүлөрдү кимдир бирөөгө каршы эмес, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жасап жатабыз. Бир жарым жыл бою жаңы моделдин үстүндө иштеп, азыр жети факультеттин ордуна үч ири институт түзүп жатабыз:
- Политехникалык институт;
- Социалдык-гуманитардык институт;
- Клиникалык медицина жана биомедициналык технологиялар институту.
Институттардын курамында Жогорку мектептер түзүлөт. Медициналык багытта гана салттуу кафедралар сакталат.
Эң башкы өзгөрүү — мурдагы административдик башкаруу системасынан баш тартып жатабыз. Эгер мурда бизде 75 кафедра башчысы болсо, эми алардын ордуна болжол менен 107–110 билим берүү программасынын жетекчиси иштейт.
Бул чыгымды кыскартуу эмес. Максат — бүтүрүүчүлөрдүн компетенциясын, башкача айтканда эмгек рыногу менен мамлекеттик секторго керектүү билим берүү сапатын жогорулатуу. Программанын жетекчиси студенттер үчүн акы төлөнүүчү практикаларды уюштуруп, кийин аларды жумушка орноштурууга көмөктөшөт.
— Мындай модель биздин шартта канчалык натыйжалуу болот?
— Бул дүйнөлүк стандарт. Бүгүнкү күндө КРСУ QS рейтингинде Кыргызстандагы университеттердин арасында экинчи орунду ээлейт жана биринчи орунга чыгууга бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар.

QS дүйнөлүк рейтингинин лидерлери болгон MIT, Кембридж жана Оксфорд университеттери көптөн бери билим берүү программаларынын жетекчилери системасы менен иштеп келет. Россияда дагы 17 алдыңкы университет ушул моделге өтүүнү пилоттук негизде ишке ашырып жатат. Биз дагы артта калбай ушул системаны киргизип, ошол эле учурда окутуучулардын айлык акысын жогорулатуудабыз.
Быйылкы кабыл алуу өнөктүгүндө үч миңге жакын биринчи курстун студенттерин кабыл алууну пландап жатабыз. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн саны 1200дүн тегерегинде. Бул учурдагы инфраструктурабыз жетишсиз болуп жатканын көрсөтөт. Ошондуктан кошумча имараттарды ижарага алып, жаңы кадрларды тартып, жамаатты жашартууга туура келип жатат.
— Жаш адистерди окутуучулукка кантип тартып жатасыздар?
— Азыркы талаптар боюнча магистратураны жаңы бүтүргөн бүтүрүүчү дароо университетте сабак бере албайт. Ал үчүн кеминде бир жылдык эмгек стажы керек. Бирок жаңы бүтүргөн адам ал стажды кайдан алат?
Муну чечүү үчүн биз «ассистент-стажёр» деген жаңы кызмат ордун ачтык. Бул кызматтагы айлык акы 32 миң сомду түзөт. Магистрант ушул кызматта иштеп, билим берүү процессине мыйзамдуу түрдө катышып, эмгек стажын топтой алат. Эгер кийин университетте иштеп калса, магистратурада же аспирантурада окуу үчүн 50 пайыздык жеңилдик алат.
Биз үчүн эң баалуусу — КРСУ өзүнүн мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн биринчи иш берүүчү болуп жатканы. Бүгүн көптөгөн жаштар мага келип, өз университетинде окутуучу болуп каларын айтышты.
— Жаңы кампус тууралуу айтып берсеңиз. Ал кайда курулат жана азыркы окуу корпустары кандай пайдаланылат?
— Жаңы заманбап кампустун курулушу келерки жайда башталат. Аянты 30 гектар болгон жер тилкеси Аламүдүн районундагы Байтик айылында, Кашка-Суу айылына жетпей жайгашкан. Ал жакка КРСУнун жогорку билим берүү деңгээлиндеги бардык негизги түзүмдөрү көчүрүлөт. Долбоор Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ошол эле учурда Бишкектеги азыркы окуу корпустары университеттин карамагында калат. Себеби КРСУ үзгүлтүксүз билим берүү экосистемасын түзүп жатат. Келерки жылы беш жаштан жогорку балдар үчүн бала бакча ачууну пландап жатабыз.
Учурда КРСУнун жалпы билим берүүчү мектебине суроо-талап абдан жогору — бир орунга 28 талапкерден туура келет. Мектеп инженердик, медициналык, социалдык-гуманитардык, IT жана ишкердик багыттары боюнча окутат. Быйыл 15-сентябрдан тартып азыркы башкы окуу корпусунда жайгашкан мектеп кампусунда 1-класстан 11-класска чейинки 719 окуучу билим алат.
Табигый-техникалык факультеттин жана Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин имараттары келечекте толугу менен КРСУнун колледжине өткөрүлөт. Ал эми Чүй проспектисиндеги юридикалык жана гуманитардык факультеттердин корпустарын мектеп менен колледждин заманбап жатаканаларына айландыруу пландалууда. Бул өлкөнүн эң алыскы аймактарынан келген таланттуу балдарды акысыз окутууга мүмкүнчүлүк берет.
Медициналык факультеттин имараттары бала бакча жана педиатриялык клиника үчүн пайдаланылат. Бул модернизация планы беш жылга эсептелген жана аны толук ишке ашырууга күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет деп ишенебиз.
— Бүгүн билим берүү тармагын реформалап жаткандарга кандай каалоо айтат элеңиз?
— Бир гана нерсени айткым келет: билим берүү сыяктуу өтө татаал жана жоопкерчиликтүү тармакта реформа жүргүзүүдөн мурда сөзсүз ушул тармакта иш тажрыйбасы бар кесипкөй психологдор менен мүмкүн болушунча көбүрөөк кеңешүү керек. Ошондо гана жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр чындап оң жыйынтык берет.
КРСУнун тарыхындагы алгачкы жалпы университеттик бүтүрүү кечеси
Маекте көтөрүлгөн адистерди практикалык даярдоо жана кесиптик байланыштарды сактоо маселелери КРСУнун бүтүрүү кечесинде да негизги темалардын бири болду.
25-июлда «Жаштык Аренада» университеттин 33 жылдык тарыхында биринчи жолу жалпы университеттик бүтүрүү аземи өтүп, ага бүтүрүүчүлөр, окутуучулар, ата-энелер жана Кыргызстан менен Россиядан келген ардактуу коноктор катышты.
Быйыл КРСУнун жана КРСУ колледжинин 1 128 бүтүрүүчүсү бакалавр, адис, магистр жана ординатор дипломдорун алышты. Окууда, илимий жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн студенттер артыкчылык дипломдору жана сыйлыктар менен сыйланышты.
Майрамдын маанилүү окуяларынын бири — КРСУнун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын түзүлгөнү тууралуу жарыя болду. Бул бирикме ар кайсы муундагы бүтүрүүчүлөрдүн байланышын бекемдеп, алардын кесиптик кызматташуусу үчүн аянтча болот. Университет 33 жыл ичинде жалпысынан 40 миңге жакын адисти даярдап, алар бүгүн Кыргызстан менен Россиянын экономикасынын, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун жана мамлекеттик башкаруунун негизги тармактарында ийгиликтүү эмгектенип келишет.