Кыргызстанда авиакомпаниялар үчүн овербукингге тыюу салынды

Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына болгон талаптарды күчөтүп, республиканын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпаниялар үчүн овербукинг тажрыйбасын колдонууга милдеттүү түрдө тыюу салды.
Мекемеден белгилешкендей, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилеттери бар жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тартуу учурларынын алдын алуу максатында кабыл алынган.
Овербукинг — бул аба кемесинин бортунда каралган орундардын санынан көбүрөөк билет сатуу тажрыйбасы (практикасы). Бир катар өлкөлөрдө мындай система кеңири таралгандыгына карабастан, ал жүргүнчүлөрдү каттамга отургузуудан баш тартууга, кийинки учууну күтүүгө мажбурлоого, пландарын өзгөртүүгө жана кошумча чыгымдарга дуушар кылууга алып келиши мүмкүн.
Жаңы талаптарга ылайык, авиакомпаниялар жүргүнчүлөр орундарын ашыкча брондоо (сатуу) практикасын токтотууга жана сатылган билеттердин саны аба кемесинин чыныгы сыйымдуулугуна дал келишин камсыз кылууга милдеттүү.
Эгерде ташуучу учакты сыйымдуулугу азыраак аба кемесине алмаштырууга аргасыз болсо, жүргүнчүгө тандоо иретинде ташуу шарттарын өз ыктыяры менен өзгөртүп, жакынкы мүмкүн болгон каттам менен учууну же билеттин баасын толугу менен кайтарып берүүнү сунушташы керек.
Авиакомпанияларга ошондой эле билеттерди сатуунун ички жол-жоболорун жаңы талаптарга ылайык келтирүү жана кызматкерлерге инструктаж өткөрүү тапшырылды.