Кайгуул кызматынын инспектору пара берүүгө шектелип кармалды

Кайгуул кызматынын инспектору пара берүүгө шектелип кармалды

Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкери пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин Ички иликтөө кызматы текшерүү учурунда бузулган «Рено-Логан» унаа үчүн күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган. Иштин материалдарын карап жатканда, У.Б. аттуу инспектор Ички иликтөө кызматынын кызматкерине ишти чечип берүүсү үчүн 10 миң сом пара сунуштай баштаган.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинини 345-беренеси 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМден билдиришкендей, 12-апрелде 10 миң сом пара берип жаткан жеринен Кайгуул кызматынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>