Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келдиДепутат Бишкек менен Оштун ортосундагы темир жол каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады
Бишкекте 3 жигит шаар тургунун сабап, аны видеого тартып алган. Шектүүлөр кармалды
20.01.2025 | 14:45
Бишкекте үч жаран карактоого, бейбаштыкка жана уюшкан топ түзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 14-январда эртең мененки саат 07:00дордо белгисиз адамдар “Тунгуч” кичи районундагы ээн талаада 28 жаштагы жигитти ур-тепкиге алып, аны видеого тартып алган. Сабалган жигит милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү жана ага катышуу), 207-беренеси (каракчылык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Б.М., 20 жаштагы Н.А. жана О.Н. аттуу жарандар кармалган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.