Беларустун Премьер-министри Александр Турчин Бишкекке сапар менен келди

04.06.2026 | 17:26
премьер беларуси

4-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Беларусь өкмөтүнүн башчысын КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.

Расмий сапардын программасында Турчиндин Кыргызстандын жогорку жетекчилиги менен жолугушуулары каралган, алардын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу пландаштырылууда. Ошондой эле премьер-министр бир катар ата мекендик ишканаларга барат жана кыргыз-белорус бизнес-форумунун салтанаттуу ачылышына катышат.

Сапар эки өлкөнүн интеграциялык процесстерин тереңдетүүгө жана соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган. Бишкектеги жолугушуулар жаңы биргелешкен долбоорлорду белгилөөгө жана Кыргызстан менен Беларустун ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды чыңдоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Теги: кабмин
Scroll to Top