Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкекте транспорт агымынын эсебин жана жөнгө салууну “Акылдуу светофор” колго алат
12.01.2024 | 10:01
Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ага ылайык шаар боюнча 121 жол кесилишине “Акылдуу светофор” орнотулат.
“Акылдуу светофор” – автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору.
Ал учурда Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө иштеп жатат.
Долбоордун аягына чейин жалпысынан 350гө жакын кесилиште унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз