Баткендеги келиндин өлүмү. Ташиев зомбулукка кабылган аялдарды УКМКга кайрылууга чакырды

Баткендеги келиндин өлүмү. Ташиев зомбулукка кабылган аялдарды УКМКга кайрылууга чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарды УКМКга кайрылууга чакырды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ташиев жыл башында Баткендеги айылдардын биринде күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөн окуя тууралуу айтып, аялдарды жардам үчүн УКМКга кайрылууга үндөдү.

“Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кенселерине кайрылыныздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз! Эне бар, үй-бүлө бар, Мекенибиз болот!”, — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 2-январда Баткендин Ирелеш айылында күйөөсү аялын көчөдө муунтуп өлтүргөн.

22 жашында каза болгон маркум келиндин туугандарынын айтымында, күйөөсү аны 3 күн бою сабаган. Андан кийин келин үйдөн качып чыкканда, артынан барып, көчөдөн сабап, муунтуп өлтүргөн.

Милиция шектүүнү кармаган.

Баткенде күйөөсү аялын көчөдөн муунтуп өлтүргөн

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>