Бишкекте транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды

Бишкекте транспортто жоголгон буюмдар үчүн кеңсе ачылды

Бишкекте транспортто жоголгон буюмдар үчүн бюро ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жол-транспорт инфраструктурасы башкармалыгына коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылышат. Буга байланыштуу жоголгон жана табылган буюмдарды тапшыруу кеңсени уюштуруу чечими кабыл алынган.

«Эгерде сиз коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, жөн гана департаментке кайрылып, өтүнүч калтырыңыз», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Тиркемеде унутулган же табылган нерсени деталдуу түрдө сүрөттөп, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Бюронун дареги 7-апрель, 4а же WhatsApp: 0502 205 202 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>