Япония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулат
Бишкектин таэквондочулары эл аралык турнирде 10 медаль утушту
27.11.2023 | 23:17
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча «BISHKEK OPEN 2023» эл аралык ачык чемпионаты өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары катышты.
Мелдештин жыйынтыгында Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары 10 медалга ээ болушту.
Раиль Кутанов, Даяна Кудайбергенова жана Азал Бабаева алтын медал жеңип алышты. Ал эми Богдан Пягай эки алтын медалга ээ болду. Күмүш медалды Сахиба Софиева жеңип алды. Ал эми Даниел Шаршеев, Диана Ахметова, Айлин Карагулова жана Анжелика Жунусова коло медалдын ээлери болушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт