Бишкекте Түркияда жасалган АКШнын жасалма валютасын сатып жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Шектүүлөр Кыргызстандын жарандары. Алар УКМКнын Жалал-Абад облустук тергөө абагына киргизилди.
Маалыматка караганда, шектүүлөр Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен биргеликте иш алып барышкан.
Аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен иш козголду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз