Бишкекте УКМК 2 чиновникти пара опузалаган деп кармады

Бишкекте УКМК 2 чиновникти пара опузалаган деп кармады

«Бишкек башкы архитектура» жана Мамлекеттик картография мекемесинин кызмат адамдары пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК териштирүү иштери учурунда Бишкектин Ленин районунун башкы архитектору А.Н. өзүнүн тааныш-билиштери аркылуу коммерциялык объекттерди бузуу шылтоосу менен анын ээлеринен 2-3 миң доллардан опузалап жүргөнү аныктаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (пара опузалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

22-январда Ленин районунун башкы архитектору А.Н. менен Мамлекеттик картографиянын чарба бөлүмүнүн башчысы М.Ж. 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Алар жабырлануучудан 2 мин доллар талап кылганы белгилүү.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>