Депутаттын жүрүм-турумун карай турган комиссия түзүү сунушталды

Депутаттын жүрүм-турумун карай турган комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова депутаттык этика комиссиясын түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, ага ар бир фракциядан бирден эл өкүлү кирип, туруктуу иш алып барат.

“Албетте биз жүрүм-турумубузду көзөмөлдөшүбүз керек. Бирок эгер кандайдыр бир кырдаалдар  болсо атайын комиссия түзүп олтурбай эле туруктуу иштеген топ иш алып барат. Ал арыз-даттанууларды эле эмес, депутаттарды окутуу жана өнүктүрүү үчүн дагы аракет кылат ”, — деди Гуля Кожокулова.

Депутат Нурлан Азыгалиев VII чакырылышта бир да депутаттын жүрүм-туруму боюнча арыз түшө электигин айтты. “VI чакырлышта дагы мындай прецедент болгонун билбейт экенмин”, — деп кошумчалады эл өкүлү.

Белгилей кетсек, парламенттин Этика кодекси иштелип чыкты. Аны аталган комитет бүгүн жактырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>