Бишкекте уксус ичип алган баланы куткарган кайгуул кызматкерлери сыйланды

Бишкекте уксус ичип алган баланы куткарган кайгуул кызматкерлери сыйланды

Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги кичинекей шаар тургунунун өмүрүн сактап калган кайгуул кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 11-мартта кечинде кайгуул милициянын басма сөз кызматынын инспекторлору Кубаныч Абдыкулов менен Мирлан Таалайбековго аял киши кайрылып, Рамазан аттуу баласы үйүндө кокусунан уксус ичип алганын айтып, жардам сураган.

Кайгуул милициянын инспекторлору аялды жана анын уулун унаасына отургузуп, дароо №3 балдар ооруканасына жеткиришкен. Ооруканага жеткенден кийин дарыгерлер балага медициналык жардам көрсөткөн. Учурда баланын абалы канааттандырарлык.

Бул окуядан кийин шаардык милициянын башчысынын орун басары Айбек Ажыбаев аталган кызматкерлерге кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кынтыксыз кызматы, эрдиги, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.

Кайгуул кызматкери уксус ичип алган баланы куткарып калды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>