Бишкекте унааны айдай качкан кыз кармалды

Бишкекте унааны айдай качкан кыз кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаа айдап качкан жаранды аныктады.

Милициянын кайгуул кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 4-майында болжол менен саат түнкү 01:30 чамасында Бишкек ШИИББнин «102» кызматынан Чүй көчөсүндө жайгашкан «Глобус» соода борборунун жанында токтоп турган «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү авто унааны белгисиз адамдар айдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маамаалыматты тактап, андан ары издеп табуу иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада кайгуул кызматкерлери тарабынан Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган К.С. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБинин Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>