Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Токмок ШИИБге арыз менен 66 жаштагы А.К кайрылып, 2022-жылдын 1-апрелинен 10-апрелине чейинки аралыкта короосунан унаанын 4 даана дөңгөлөктү, ширетүүчү аппаратты, 100 метр кабель жана ошондой эле эле уюлдук телефон урдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 80 миң сомдун тегерегинде болгон.

Аталган факты Токмок шаарынын ИИБнын КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Чүй ОИИББнин жана Токмок шаарынын ИИБнын кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектелип, 40-жаштагы О.Т. аттуу Чүй облусунун жашоочусунун өздүгү такталып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген жана тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жогун текшерүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>