Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды

Бишкекте VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды

Бишкек шаарында 16-июнда VI түрк тасмаларынын жумалыгы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылышка министр Азамат Жаманкулов, Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган, Түркиянын Ак партиясынын орун басары Метин Гундогду, эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.

Анда эки өлкөнүн орток маданияты, кино жаатындагы алакалар тууралуу жылуу пикирлер айтылып, бир катар кино ишмерлерине эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрөнү бекемдөө жана өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Ачылыш маданий программа менен коштолуп, андан соң, кино күйөрмандарына тасма тартууланды.

Тасмалар 20-июнга чейин Россия кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт. Жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу өтүп, Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында

Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектер жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жумалык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>