Ефрейтор Дайырбек Карыяев самбо боюнча Азиянын чемпиону болду

Ефрейтор Дайырбек Карыяев самбо боюнча Азиянын чемпиону болду

Ливан Республикасынын Джуния шаарында 4-июнда өткөн самбо боюнча биринчиликте ефрейтор Дайырбек Карыяев Азиянын чемпиону аталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызмты билдирди.

Маалыматка караганда, ал ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүндө кызмат өтөйт. Ал 1994-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда туулган. Үч жылдан бери ИИМдин Ички аскерлеринде кызмат өтөп келет жана 10 жылдан бери спорт менен машыгат.

Самбо боюнча Кыргызстандын Чемпионатынын 6 жолку, А.В.Гардеев атындагы эл аралык турнирдин 4 жолку, 2021-2022-жылдары Азиянын 2 жолку чемпиону аталган. Дүйнө чемпионатынын 2 жолку күмүш медалынын ээси, Дүйнө кубогунун (World sambocup) 2 жолку чемпиону, “Биринчиликке кармашуу-2021” самбо боюнча чемпионатынын чемпиону болгон.

Учурда Дайырбек Карыяев Кыргызстанда өтө турган дүйнө кубогуна, андан соң дүйнө биринчилигине даярданып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: самбо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>