Туризмди өнүктүрүү фондунун кызматкерлери канча маяна алышат?

Туризмди өнүктүрүү фондунун кызматкерлери канча маяна алышат?

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомундагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берилди.

Жыйында аталган фонддун директору Елена Калашникова өзү жетектеген мекеменин уставдык капиталы 1 млрд сом экенин айтып, коротулган каражаттар тууралуу сөз кылды.

Талкуу маалында депутат Эмиль Токтошевдин каралган 1 млрд сомдун канчасы коротулганы боюнча суроосуна жооп берген Елена Калашникова азыркыга чейин 257 млн сом сарпталганын билдирди.

Депутат Кундузбек Сулайманов фонддун кызматкерлеринин айлыгы канча экенине кызыкты.

Елена Калашникова: “Кызматкерлердин айлыгы 60-70 миң сомдун тегерегинде” – деп жооп берди.

Ал эми депутат Динара Ашимова канча инвестициялык долбоор ишке ашырылып жактанын тактады. Алсак, Елена Калашникованын айтымында, азыркы тапта фонд аркылуу 7 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда.

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси үйүндө тинтүү жүргөнү боюнча айтты (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>