Айза Улан кызын сүзүп кеткен айдоочу эки айга камалды

Айза Улан кызын сүзүп кеткен айдоочу эки айга камалды

Бишкекте быйыл 9-январда 24 жаштагы Айза Улан кызын сүзүп кеткен деп шектелген айдоочу эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы бүгүн, 13-майда каралып, сот аны 10-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, кырсык 9-январда саат 07:10 чамасында Жибек-Жолу көчөсү менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айза Улан кызы жөө өтмөк менен өтүп бар жатканда, аны унаа сүзүп кетип, ал карама-каршы тилкеге кулап түшкөн. Ошол учурда аны экинчи унаа сүзүп, ал окуя жеринде каза болгон. Кырсык болгондон кийин айдоочу окуя жеринен качып кеткен.

13-январда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен деп шектелип «Тойота» унаасынын 48 жаштагы У.Н. аттуу айдоочусу кармалганы кабарланган. Эртеси күнү анын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган. Анын үй камагына чыгарылышы коомчулуктун сынына кабылган.

Бул окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан тергөөнү шаардык прокуратура өзүнө алган. Алар жол кырсык учурунда унааны бөлөк адам башкарганын аныктаган. Башкы прокуратура билдиргендей, «жол кырсык жасаган» деп мурда шектүү катары аталып келген адамдын уулу У.Э. кармалган. Атасы уулун жоопкерчиликтен куткаруу үчүн кылмышты өз мойнуна алган. Ал ден соолугуна байланыштуу камакка алынбай турганын билип, баласынын кылмышын жашырган. Шектүү катары кармалган У.Э. өлкөдөн качып кетүүгө да аракет жасаган.

Учурда шектүү катары кармалган У.Э. камакка алынган.

Сүрөт: "Азаттык" радиосу

Жол кырсыкта каза болгон Айзанын өлүмү боюнча жаңы жагдай ачыкталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>