Жапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке кактыБишкектин айрым аймактарында 13-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБишкекте бир бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн 47 жыл иштөө керекЭнергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылды
Бишкекте жай бою ачык асман алдында музыкалык кечелер өткөрүлүп турат
05.06.2026 | 16:15

Жайы бою Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кечелер өтүп турат. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдап, борбор калаанын тургундарын жана конокторун чакырды.
Кыргызстандын белгилүү чыгармачыл жамааттардын катышуусундагы концерттик программалар ар жума жана ишемби күндөрү аянттагы фонтандар комплексинин жанында уюштурулат.
Алгачкы музыкалык кече бүгүн, 5-июнда саат 19:00дө «Кыргыз Руху» эстрадалык-фольклордук ансамблинин катышуусунда башталат. Маданий программа 6-июнда саат 19:00дө «Семетей» ансамблинин концерти менен уланат.
Мэрия бул иш-чаралар жайкы мезгилде жарандардын эс алуусуна шарт түзүү жана улуттук маданий мурасты жайылтуу максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
Теги: Бишкек