Бишкекте жол кыймылынын инспектору пара менен кармалды

Бишкекте жол кыймылынын инспектору пара менен кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул кызматынын кенже инспектору пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-июнь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына А.У. аттуу жаран жол кырсыгы фактысы боюнча материалды кароодо маселени оң жагына чечүү үчүн Бишкек ШИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 20 000 сом суммадагы акча каражаттарын талап кылып жаткандыгы боюнча кайрылган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-бөлүмүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

10-июнь күнү тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө Бишкек ШИИББынын милициянын кайгуул кызматынын имаратында кызматтык кабинетте талап кылынган сумманы алуу учурунда Бишкек ШИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Ч. У. кармалган.

Андан 15 000 сом суммасындагы пара далил катары табылып алынган. Сурак жана башка тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кармалган кызматкер Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>