Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
УКМК: Бишкекте баасы 366,1 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды
21.11.2024 | 11:50
Бишкекте баасы 366 млн 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган бала бакча Жумушчулар шаарчасында жайгашкан. Ал 1990-жыла «Кыргыз Темир» акционердик коомуна таандык болуп, менчиктештирүү учурунда мамлекеттик ишкананын карамагынан чыгарылып, Б.Г.Ш. аттуу жаранга берилип кеткен. УКМК бала бакча жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган деп эсептейт.
УКМК билдиргендей, бала бакчанын ээси аны менчигинде кармап турууну мыйзамсыз экенин түшүнүп, өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом