Ошто кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ошто кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ошто 24-27 ноябрь күндөрү кикбоксинг боюнча президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн кубогуна арналган 2-эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын курама командаларынан 300дөн ашуун спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга белектер жана атайын курлар тапшырылды .

Белгилей кетсек, аталган кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш былтыркы жылы да өткөрүлгөн.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: спорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>