Бишкекте жөө аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыкты. Кырсыктын видеосу

Бишкекте жөө аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыкты. Кырсыктын видеосу

Бишкек шаарында 50 жаштагы аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жабырлануучунун баласы билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Жол кырсыктан каза болгон Миркуль Айткулованын уулу Азизкан Алымбаев билдиргендей, окуя 30-январь күнү Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

“Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Маматов Камылжан Кадырбекович ылдамдыкты чектен ашырып, кызыл светофордон өтүп бара жатып, жашыл светофордо жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан апасы Миркүл Айткулованы сүзүп кеткен.

«Апам катуу жаракат алган. Мээсине кан куюлуп, боору жарылган, оң жана сол жагында 8 кабыргасы, ийин жана моюн сөөгү сынган, жамбаш сөөгү да сынган. Үч күндөн кийин апам №4 шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө каза болгон”, — деп жазат ал.

Анын айтымында, Свердлов районунун тергөө судьясы А.Түмөнов айыпталуучу Камылжан Маматовду үй камагына негизсиз бошоткон.

“Эми эркиндикте жүргөн Маматов Камылжан жасаган кылмышынын жана трагедиянын оордугун түшүнгөн жок! Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышынын деңгээли практикада өтө төмөн болгондуктан, ал жазасыз калууда”, — дейт ал.

Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаровго жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, айдоочу К.Маматовго карата ишти Биринчи май райондук сотунда мыйзамдуу каралышын өтүнгөн.

Ал белгилегендей, апасы 50 жашта эле. Ал Кореядагы кыргыз диаспорасынын лидери катары Кореядагы миңдеген кыргыздарга жардам берген. Ал жөнүндө китеп да жазышкан, көптү шыктандырган инсан болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>