Бишкекте зыяндуу заттарды ченемден ашык бөлүп чыгарган унаалардын айдоочуларына айып пул салынды

Бишкекте атмосферага зыяндуу заттарды белгиленген ченемден ашык бөлүп чыгарган унааларды аныктоо боюнча рейд өттү. Текшерүү Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесинин талаптарын бузган айдоочуларга карата административдик протоколдор түзүлдү. Жалпысынан 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, унаалардан чыккан коюу кара түтүн жана уулуу газдар Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Алардын курамындагы көмүртек кычкылы, азот оксиддери, күкүрт кошулмалары жана PM2.5 менен PM10 майда бөлүкчөлөрү адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, дем алуу органдарынын жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында мындай рейддер жыл бою туруктуу негизде өткөрүлөрүн билдиришти. Жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандарга карата мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.