Кызматтык видеонун сыртка чыгып кетиши: Чек ара кызматы иликтөө баштады

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) мамлекеттик чек арада орнотулуп жаткан инженердик тосмолордун тирөөчтөрүнүн цементтелген негизинин сапатына байланыштуу социалдык тармактарда тараган видеотасмалар боюнча түшүндүрмө берди.
Мекемеден билдиришкендей, видеотасма МЧКнын аскер кызматкерлери тарабынан жумуштардын сапатын комиссиялык текшерүү учурунда тартылган.
Атайын комиссия кызматтын жетекчилиги тарабынан кемчиликтерди аныктоо, технологиянын сакталышын көзөмөлдөө жана мамлекеттик чек аранын инженердик жабдылышынын тийиштүү сапатын камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө тирөөчтөрдүн биринин цементтелген негизи тийиштүү бекемдикке жетпегени жана толук катып калуусу үчүн кошумча убакыт талап кылынары аныкталган. Ошол эле учурда комиссия цемент аралашмасын даярдоо жана куюу технологиясынын сакталышын текшерип жаткан. Видеого тартуу жалаң гана кызматтык максатта — аныкталган кемчиликтерди документалдуу түрдө тастыктоо, аларды четтетүү жана жооптуу адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн жүргүзүлгөн», — деп баса белгилешти МЧКдан.
Мындай текшерүүлөр ведомстволук көзөмөлдүн кадимки элементи болуп саналарын жана бузууларды өз убагында аныктап, жоюуга багытталганын мекемеден белгилешти.
Мындан тышкары, МЧКнын өздүк коопсуздук бөлүмү кызматтык пайдаланууга арналган видеоматериалдын берилип жана таралып кетиши боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын маалымдады. Видеотасмага колу жеткен адамдар, аны үчүнчү жактарга берүүнүн жагдайлары, ошондой эле аны таратуунун максаттары (мотивдери) аныкталууда.
МЧК ошондой эле, мекеменин пикири боюнча реалдуу жагдайларга дал келбеген тыянактар менен видеотасманы тараткан адамдардын аракеттерине укуктук баа берилерин билдирди. Эгерде мыйзам бузуу белгилери аныкталса, материалдар компетенттүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин эки аскер кызматкеринин ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө бир чек арачы экинчисин урганы кабарланган болчу. Жабырлануучунун астыңкы жаагы ордунан жылып сынганы диагнозу коюлган.