Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү муниципалдык цех ачылдыКыргызстанда курулуш тармагы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 69,6%га өстүКыргызстанда өзгөчө абалды киргизүүнүн негиздерин кеңейтүүнү каалашат — толугу мененОш шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды14-сентябрь: Кыргызстанда +33°Cка чейин ысыйт, тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйтБишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды
МЧК аскер кызматкери кызматташынын жаагын сындырды — иликтөө башталды
13.07.2026 | 13:17

Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки аскер кызматкеринин ортосундагы чыр-чатактын натыйжасында алардын биринин астыңкы жаагы сынгандыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу МЧКнын басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, 9-июлда инженердик жумуштарды аткарып жаткан келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки жоокердин ортосунда өз ара түшүнүшпөстүктөн улам чыр чыккан.
Окуянын кесепетинен жабырлануучунун астыңкы жаагы жабык сынганы аныкталган. Ал Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган.
Мекемеден кошумчалагандай, жабырлануучуга бардык зарыл болгон медициналык жана уюштуруучулук жардамдар көрсөтүлүүдө, анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Окуянын фактысы боюнча МЧК жетекчилиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Кызматташына күч колдонгон аскер кызматкеринин аракеттерине юридикалык баа берилгенден кийин, ал терс негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулат.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөөнүн материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.