Бишкектеги Абдрахманов көчөсү тазаланууда

Бишкектеги Абдрахманов көчөсү тазаланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер  пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда долбоорлорго туура келбеген кире бериш топтор, ошондой эле уруксат берилбеген кошумча курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүлүүдө.Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жусуп Абдрахманов көчөсүн бойлой Москва көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жалпы аянты 42 чарчы метр болгон 6 бастырма буздурулду жана  жарнамалык конструкциялар алынган.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объект  ээлери ыктыярдуу түрдө алууда.

Буга чейин Башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр  берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>