ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Сот президенттин тууганы Улан Жапаровду камакта калтырды (видео)
20.07.2023 | 18:14
Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык сотунда бажыдагы коррупция иши боюнча шектүү катары кармалган Улан Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралды.
Сот өтүнүчтү карап, Улан Жапаровду камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелип жатат.
Буга чейин Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемага катышкан деп шектелип кармалып, 26-июлга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Белгилей кетсек, сот өтүнүчтү кароо учурунда аудио-видео жана сүрөт тартууга уруксат берген жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом