Кыргызстандын жарандары 63 өлкөгө гана визасыз кире алат

Кыргызстандын жарандары 63 өлкөгө гана визасыз кире алат

Быйыл Сингапурдун паспорту дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт катары таанылды. Бул өлкөнүн паспорту менен 192 өлкөгө визасиз кирип-чыгууга болот. Мындай аналитиканы Henley Passport Index сайты жарыялады.

Бул индекс жарандардын дүйнө өлкөлөрүнө саякат кылуу эркиндигин жана талап боюнча виза алуу мүмкүнчүлүгүн өлчөйт.

Белгилеп кетсек, буга чейин биринчи позицияда беш жыл катары менен Жапония турган.

“Борбор Азиядан Кыргызстан 63 өлкөгө визасыз кире ала тургандыгы белгиленген. Казакстан 77 өлкөгө визасыз каттай алат. Өзбекстан менен Тажикстан 59 өлкөгө визасыз кире алса, эң аз Түркмөнстандын 50 мамлекетке гана визасыз кирүүгө укугу бар экендиги көрсөтүлгөн.

Эң жакшы паспорттор катары быйыл төмөнкү өлкөлөр таанылды:

  1. Сингапур (192 багыт);
  2. Германия, Италия, Испания (190 багыт);
  3. Австрия, Финляндия, Франция, Жапония, Люксембург, Түштүк Корея, Швеция (189);
  4. Дания, Ирландия, Нидерланды, Улуу Британия (188 багыт);
  5. Бельгия, Чехия, Мальта, Жаңы Зеландия, Норвегия, Португалия, Швейцария (187 багыт);
  6. Австралия, Венгрия, Польша (186 багыт);
  7. Канада, Греция (185 багыт);
  8. Литва, Америка Кошмо Штаттары (184 багыт);
  9. Латвия, Словакия, Словения (183 багыт);
  10. Эстония, Исландия (182 багыт).

Дүйнө жүзү боюнча үч өлкө 30 же андан азыраак өлкөлөргө визасыз кире алышат. Эң начар паспорттор катары төмөнкү өлкөлөр таанылды.

  • 101. Сирия (30 багыт)
  • 102. Ирак (29 багыт)
  • 103. Афганистан (27 багыт)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>