Бишкектеги бааны ЕАЭБ менен салыштыруу: Жумуртка кымбат, эт арзан

Бишкектеги бааны ЕАЭБ менен салыштыруу: Жумуртка кымбат, эт арзан

Октябрь айында Бишкекте жумуртка Евразия экономикалык биримдигине кирген төрт өлкөнүн ичинен эң кымбат сатылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

Кыргызстандын борбор кааласында жумуртканын он даанасы 1,33 доллар турса, Минксте 0,94 долларга сатылды.

Койдун эти  (1 кг — 6,39 доллар) менен каймак (1 кг — 4,94 доллар) башка мамлекеттерден Кыргызстанда арзан болду.

Уй эти (1 кг -4,11 доллар) жана сүттүн баасы (1 литр — 0,62 доллар)  болсо Беларуста төмөн наркка бааланды.

Бишкекте картошканын баасы октябрда арзандагынына карабай, Астанадагы нарктан 15,4 пайызга, Москвадагыдан 23,1 пайызга жана Минсктегиден 35,9 пайызга кымбат болду.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы орточо айлыктын төмөндүгүн белгилейт.

Бишкекте орточо айлыкка 70 киллограммга жакын уйдун этин сатып алса, Москвада андан үч эсеге көп эт алса болот (193,7 киллограмм).

Астана шаарында бир айлык эмгек акыга үч тоннадан ашык картошка келсе, ал эми Бишкек шаарында бир тоннадан ашык сатып алууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>