Кыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндү
Бишкектеги ботаникалык бак түп-тамыры менен өзгөрөт. Эскизи
07.04.2025 | 13:48
Бишкектеги ботаникалык бак түп-тамыры менен өзгөрөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирип, эскизи менен бөлүштү.
Анын айтымында, аталган аймакта оңдоо иштери башталган.
«Көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен.Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды.
Эми болсо, аталган бакчаларга көңүл бурулуп, айлана-тегереги иретке келтирилет»,-деди ал.
Туманбаев ошондой эле ал жерде тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулуп, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөрүн кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар