КРда мал экспорттоо үчүн заманбап карантиндик аймак курулатМарлен Маматалиев «75 иши» боюнча сот процессине комментарий бердиУКМК Ооганстандан өлкөгө баңгизат ташып, сатууга шектелген топ кармалганын билдирдиЖКда Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданып, мамлекеттик күзөт берүү сунушталдыКР спортчулары эстетикалык топтук гимнастика боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагыныштыКыргызстанда 677 миң гектардан ашык жерге жаздык айыл чарба өсүмдүктөрү эгилди
Бишкектеги дарыканада аял кишинин телефонун уурдаган шектүү кармалды (видео)
12.04.2024 | 18:11
Бишкекте телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 6-апрелде Бишкектеги дарыканалардын биринен белгисиз жаран аял кишинин 100 миң сомдук iPhone 14 телефонун уурдап алган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 37 жаштагы Н.А. аттуу жаранды кармады.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(704) 434 666 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.