Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш аяктады — видео

Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш аяктады — видео

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш өттү.

Акция иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылгандан кийин уюштурулду. Ага 500дөн ашык адам катышты.

Катышуучулар бир нече талап менен чыгышты:

— куугунтук-кысымдарды токтотуу,

— журналист Болот Темировду өлкөгө кайтаруу,

— саясий туткундарды бошотуу,

— «Азаттыктын» ишине бөгөт коюуну токтотуу,

— сөз эркиндигин камсыз кылуу.

Жөө жүрүш учурунда «Эркиндик», «Азаттыкка» азаттык», «Тил кесмей жок», «Болот курчуйт, таш сынат», «Түркмөнстан болбойбуз», «Эркин Кыргызстан», «Диктатурага жол жок» жана башка ураандар жаңырды.

Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап жөө басышты. Андан соң «Горький» атындагы сейил багына чейин барышып, ал жерден Кыргызстандын гимни менен аяктады.

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өттү — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Жөө жүрүш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>