Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Бишкектеги кафедеги мушташ: Төрт адам милицияга жеткирилди
13.07.2023 | 10:19
Бишкектеги «Павлин-Мавлин» кафесиндеги мушташка катышкан делип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-июлда кафедеги чырдын катышуучусу катары 42 жаштагы Т.Н., Р.К, А.К. жана Б.А. аттуу жарандар кармалып, милицияга жеткирилген.
Милициядан белгилешкендей, учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен кармалгандардын иш-аракетине юридикалык баа берилет.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга «Павлин-Мавлин» кафесинде болгон чырдын видеосу тарап, анда турист сабалганы тууралуу айтылган. Бул окуя каттоого алынып, милиция териштирүү иштерин баштаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз