Бишкекте эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды — видео

Бишкекте эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды — видео

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргызстандын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү.

ИИмден билдиришкендей, буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргызстанда психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен.

2023-жылдын 17-майында ИИМдин Тергөө кызматынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү Нарын облусунун тургуну 2003-жылы туулган М.Ж. менен Талас облусунун тургуну 2002-жылы туулган А.У. кармалган. Анткени алар Бишкектеги батирине жашыруучу жайы бар 3 даана вибрациялык мотор алып келишкен.

Милиция кызматкерлери курулуш вибрациялык маторду текшерүү учурунда андан болжол менен салмагы 5 кг 943 граммды түзгөн 24 таңгактагы «мефедрон» психотроптук затын табышкан. Белгилеп кетүү керек, кармалган жарандардын ишмердүүлүгүн мессенджер аркылуу чет өлкөдөн кураторлор көзөмөлдөп турушкан.

Жогорудагы шектүүлөрдүн жашаган жеринен тинтүү учурунда дагы бир вибрациялык матору табылып, анын ичинен скотч менен таңгакталган 1 кг салмактагы «мефедрон» психотроптук заты алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 38 миллион 186 миң 500 сомду түзөт.

Ыкчам кызматкерлердин жана атайын кызматтын биргеликте көрүлгөн аракеттеринин натыйжасында республика боюнча 41 500 дозадан ашык «мефедрон» психотроптук заттын жайылышына бөгөт коюлду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>