Чаткал районунун акими жана ИИБ башчысы коррупцияга шектелип кармалды16-ноябрга карата аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан-чачын, туман күтүлөтCOP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттү
Бишкектин көчөсүнө Эламан Ураимовдун атын берүү сунушталды
20.09.2022 | 14:42
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун атын Бишкектеги көчөлөрдүн бирине ыйгарууну сунуштады.
Ал тиешелүү катты Бишкек мэриясы менен шаардык кеңештин депутаттарына жолдогон. Бекешев Ураимовдун ысымын Бишкектеги Кара-Дарыя көчөсүнө ыйгарууну сунуштоодо.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш учурунда Эламан Ураимов душмандын курчоосунда калганда, гранатаны жардырып өзү менен бирге жоонун 5-6 аскерин ала кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом